Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. SUPER.KG порталынын 6 ай аралыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берди.
"Биздин президент 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаганына байланыштуу өкмөт аны ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш-чараларды, жооптуу адамдарды, аткаруу мөөнөттөрүн аныктап чыгышы керек эле. Өкмөт буларды иштеп чыгып, 6 айдын жыйынтыгын өз жыйынында караса керек. Өкмөт өкүлдөрү конкреттүү жооп берет болуш керек. Бизге азырынча маалымат келе элек, балким, күзүндө келет. Аймактарга барганыбызда эл ушул маселе боюнча көп сурашат. Элде демилге, дух көтөрүлүп жатат. Конкреттүү түрдө эмнелер жасалганын сентябрда өкмөттөн сурайбыз, азыр эртерээк", - деди Карашев.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, укук коргоочу, Калича Өмүралиева, Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде