Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. SUPER.KG порталынын 6 ай аралыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал кандай учурда азыркы өкмөттү техникалык деп атоого туура келерин айтты.
"Аймактарды өнүктүрүү жылы" болот дегенде өкмөт билими, тажрыйбасы, идеялары бар кызыкдар адамдарды чогултканда бир топ иштерди жасамакпыз. Мен, мисалы, өкмөткө чалып "айлык акы кереги жок, интернет аркылуу укуктук жардам беребиз, ошонун аркасы менен көп маселелерди билебиз, силерге жардам берели" десем, эч кандай реакция болгон жок. Эки адамдын башын бириктире албаган өкмөт ишти алдыга сүрөп кетерине мен такыр ишене албайм.
Бүгүн биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго кайрылып ушуну айттым. Ал макул деп жаздырып алды. Бир жума күтөм. Эгер эч кандай жооп болбосо, анда "техникалык өкмөт болуп эле, ага бир жылдан кийин "бүттү, биз кеттик" дегенге кызыкдар кишилер келген го" деген жыйынтык чыгарганга туура келет", - деди Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Исмаилова, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, укук коргоочу Калича Өмүралиева пикири төмөнкү шилтемеде.