КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин сырдуу кошунасы талкууда

Бүгүн, 25-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылына салынган хан сарайына байланыштуу маалымат эки жылдан кийин кайрадан талкуу чордонуна түштү. Клооп.кг сайтынын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы болуп турган мезгилде, тагыраагы, 2017-жылдын май айында анын үйүнүн жанындагы жер тилкеси УКМКнын карамагына өткөн. Жер тилке мамлекет тарабынан атайын кызматка мөөнөтсүз колдонууга берилген. Сайттын макаласында ал кандай максатта берилгендиги жана аны эмнеге пайдаланышары тууралуу суроолорго УКМК "Мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо" мыйзамына таяп жооп берүүдөн баш тарткандыгы жазылат.

Жогорудагы маалымат жарыяланган соң, УКМК бул макалага байланыштуу түшүндүрмө таратты. "Кой-Таштагы жер тилкеси 1980-жылдары УКМКга бөлүнүп берилип, мекеменин карамагында турган. 2017-жылдын май айында ал жер УКМКнын 9-кызматына өлкө башчысын кайтаруу максатында берилген. Андан кийин ал жер кереги жок болгону үчүн сатылган, кимге экенин айта албайбыз, жеке жактарга сатылды", - деп билдирди УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов. Анын айтымында, УКМКга тиешелүү болгон жер тилкесин экс-президент Алмазбек Атамбаев сатып алган эмес.

Эске салсак, мындан эки жыл мурда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйү тууралуу маалыматтарды коомчулукка бөлүшкөн. 2,7 гектар жерге жайгашкан ал үйдү хан сарай деп атаган реалдуулукка жакын келмек. Текебаевдин айтымында, хан сарай ээлеген 2,7 гектар жер тилкеси "Дастан" заводуна таандык болгон. Күмөндүү схемаларда боло келгендей, жер тилкеси заводдон түз президентке сатылбай, колдон-колго өткөрүү менен 2015-жылы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимова тарабынан Атамбаевге 33 миллион сомго сатылган. Жер тилкеси заводдон жеке адамга сатылып, улам башка кожоюнга өткөрүлүп жаткан учурда "Дастан" ишканасын Албек Ибраимов башкарып турган.

Жер тилкеге коомчулуктун, ошол кездеги оппозициянын өзгөчө көңүл бурганынын жөнү бар. Аталган жер тилкесин учурунда Максим Бакиев "Дастан" заводунан кол алдындагы ишканалары аркылуу алып, 2010-жылдагы бийлик алмашуудан соң ал жер тилкеси сот аркылуу заводдун ээлигине кайтарылган эле. "Бакиевдик бийликке каршы күрөшкөн Атамбаев Максим Бакиевдин жерин алып хан сарай салыптыр", - деген маалымат коомчулукта ал кездеги президентке каршы сындар толкунун жараткан эле. Текебаевдин башка өлкөнүн күмөндүү жаранынын арызы менен кармалып, камалышына Атамбаевдин жер тилкеси, хан сарайы тууралуу маалыматты элге жарыялаганы түрткү болбой койгон жок. Текебаевдин камалышы боюнча коомчулукта ушундай ойлор кеңири айтылып, жазылып келе жатат.

Эми минтип экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө коңшулаш жайгашкан жер тилкенин тегерегинде да суроолор жаралып, чуулгандуу иликтөөлөр старт алганы турат. Атамбаевге кошуна болгусу келген ким? Кезектеги "маалыматтык согуш" кимди тергөө абагына жеткирет? УКМКнын мурунку башчысынбы?..

Түркияда Режеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 52,5 пайыздык колдоосуна ээ болуу менен жеңишке жетип, бийлигин кайрадан бекемдеп алды. Анын башкы атаандашы болгон Мухаррем Инже 30,7 пайыздык добуш топтоду.

Режеп Тайип Эрдоган бир гана президенттик шайлоодо эмес, парламенттик шайлоодо да көпчүлүк добушту багындырды. Анын партиясы добуштардын 42 пайыздан ашык бөлүгүнө ээ болду. Ошентип мөөнөтүнөн эрте 24-июнда болуп өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк коомчулук күткөндөй болгон жок. Түркияда президенттик шайлоо 2 тур менен өтөт жана парламенттик көпчүлүктү оппозициялык партия ээлеши мүмкүн деген жоромолдор күчтүү эле.

Эске салсак, 2016-жылы аталган өлкөдө аскерий төңкөрүшкө аракет болуп өткөн. Андан кийин 2017-жылы Түркияда референдум орун алып, анын жыйынтыгында башкаруу формасы парламенттиктен президенттикке өткөрүлгөн. Өкмөт башчынын кызматы жоюлуп, президент министрлерди дайындоо жана парламентти таратуу сыяктуу укуктарга, демек, мурдагыдан кеңири бийликке ээ болгон. Бул өзгөрүүлөрдүн баары кечээ күнү орун алган шайлоодон кийин күчүнө кирди.

Кыргыз-Түрк мамилеси соңку жылдарда солгундай түшкөнү белгилүү. 2015-жылы Орусиянын учагын Түркиянын атып түшүрүүсү боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев Анкаранын чечимин туура эмес болгон деп сындап чыккан. 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн эки тарабында турган Эрдоган менен Гүлендин тирешинин эпкини Кыргызга да тийип, бул маселе азыркыга чейин ачык турат. Түрк бийлиги Кыргыз мамлекетинен Фетхуллах Гүленге таандык делген түрк окуу жайларын жабууну, анын идеологиясын жайылтуучулар катары аталган окуу жайдын мугалимдерин өткөрүп берүүнү "суранып" келет. Атамбаев бул талапты өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап, кескин жооп айткан. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга барган расмий иш сапарында да Режеп Тайип Эрдоган бул темага басым жасоо менен кайрылып, Кыргыз президенти ал темага токтолбой "айланып өтүп" кеткен.

Бүгүн мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоганды жеңиши менен куттуктап, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эки тарап ушул жылдын сентябрь айында Эрдогандын Кыргыз мамлекетине расмий иш сапары менен келишин да талкуулашты. Түркия гүленчилер маселесине кайрадан кайрылары түшүнүктүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан