Биз социалдык тармакта

КСДП: "Кой-Таштагы УКМКга таандык жерди Алмазбек Атамбаев сатып алды деген калп"

"Кой-Таштагы УКМКнын 9-кызматына таандык жерди Алмазбек Атамбаев сатып алды деген калп" деп SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Ал жер мурда деле УКМКнын 9-кызматынын балансында болгон, бүгүнкү күндө деле алардын балансында турат. УКМК эмне үчүн мындай маалымат таратты билбейбиз", - деди Жолдубаева.

Буга чейин УКМК Кой-Таштагы жер тилкеси 1980-жылдары аталган мекемеге бөлүнүп берилип, мекеменин карамагында турганын маалымдаган. "2017-жылдын май айында ал жер УКМКнын 9-кызматына өлкө башчысын кайтаруу максатында берилген. Андан кийин ал жер кереги жок болгон үчүн сатылган, кимге экенин айта албайбыз, жеке жактарга сатылды", - дешкен УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazake
2018-06-26 15:46:03
Атамбаев эми актанмай менен күн өткөрөт тура
0
Bazake
2018-06-26 15:46:20
Жооп берсин коррупциялык иштери учун Атамбаев
0
bekmirzach
2018-06-26 15:49:49
Тарых музейинин алдына төшөлгөн сейрек кездешүүчү кара мраморлорду АША түнү менен ташып кетип Кой-Таштагы хан сарайына төшөп алган. «Тарых музейинин айланасын курчап оңдоо иштери башталганда Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиев мекеменин жумушчулары менен сейрек кездешкен кара мраморлорду ташып кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан