Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолунда таш көчкү түшүп, жолду бөгөп калды

Бишкек-Ош унаа жолунун 443-чакырымында таш көчкү түшүп жолду жаап калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 25-июндан 26-июнга караган түнү саат 22:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынын аймагында катталган.

"Жол коопсуздугунун кызматкерлери жолду тазалап жатат. Учурда унаалар токтоп турат. 2 сааттын ичинде жол ачылып, унаалар коё берилет", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан