Кечээ, 25-июнда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөдөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатууга багытталган макулдашууну жактырды.
Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз өлкөсүнө 20 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын 50 пайызы жеӊилдетилген насыя, 50 пайызы гранттык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул долбоордун алкагында жер кыртышынын жаракаларына жакын жайгашкан 50 мектептин имараты иликтөөгө алынмакчы.