Режеп Тайип Эрдогандын президенттик кызматка киришүү аземи качан болору айтылды
Түркияда Режеп Тайип Эрдогандын президенттик кызматка киришүү аземи 8-июлга белгиленди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Эрдоган аталган иш-чарадан кийин эле президенттин ыйгарым укуктарына ээ болот. Бул күнү парламенттин жаңы депутаттарынын да ишке киришүү аземи болот.
Эске салсак, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган кайрадан өлкө башчысы болуп шайланды. Ал шайлоочулардын 52,55 пайызынын добушуна ээ болгон.
Ошол эле күнү орун алган парламенттик шайлоодо 10 пайыздык чектен 5 партия өттү. Алар: "Адилеттүүлүк жана өнүгүү", "Улуттук кыймыл", "Элдик-республикалык", "Жакшы" жана "Элдердин демократиясы" партиялары.