Башкы прокуратура мындан ары элдин суроолоруна WhatsApp аркылуу жооп берет

Башкы прокуратура 25-июндан 25-июлга чейин WhatsApp аркылуу укуктук коргоо көрсөтөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, укуктук коргоо жарандардын суроолоруна ыкчам жана так жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок жарандардын арыздарын кароо боюнча мыйзамды өзүнө камтыбайт. Келип түшкөн суроолорго прокуратуранын борбордук жана аймактык аппараттарынын кызматкерлери жооп берет. "Мындай жагдай жарандарыбызды кызыктырган суроолорго кыска аралыкта жооп алуусуна мүмкүнчүлүк берет деген үмүттөбүз", - деп жазылат маалыматта. Суроолорду +996 550 75 39 77 номерине жөнөтсө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан