Шашылыш билдирүү! Бүгүн өлкө аймагында нөшөрлүү жаан жаап, айрым аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу бүгүн, 26-июнда нөшөрлүү жаан-чачын жаап, айрым аймактарда сел жүрүшү күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп жазылат маалыматта.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин үзгүлтүккө учуратат. Ошондой эле жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан