Ушул жылдын май-июнь айларында УКМК тарабынан 117 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш иштер УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жана башка укук коргоо органдарынын материалдарынын негизинде козголгон.
“Бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү (кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 150 миллион 545 миң 549 сомду түзүп, анын ичинен 95 миллион 478 миң 692 сом өлкө казынасына кайтарылды. Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 миллион 219 миң 937 сомду түзгөн”, - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, ушул жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” маселени карап жатып, коррупция менен күрөш мындан ары катуу жүргүзүлөрүн айткан. Ошондой эле өлкө башчысы бардык күч структураларын, мамлекеттик кызматкерлерди таза, ак дилден иштөөгө чакырган.