Эртең Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат
Эртең, 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, парламенттин жыйынында мамлекет башчысы сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Эске салсак, президент Жогорку Кеңештин жыйынына акыркы жолу өкмөттүн курамы ант бергенде катышкан.
Жогорку Кеңеш июнь айынын соңунда каникулга кетет.