Беш балалуу келин: "Ала качып үйлөнгөн күйөөм сабай берип кетип калдым. Кайын журтум ага "кыз көп, башкасын аласың" дешкен"

Алинаны (аты өзгөртүлдү) 16 жашында өзүнөн 9 жаш улуу жигит ала качып кеткен. Ал турмушунан багы ачылбай 5 баласы менен учурда көчөдө калган. Күйөөгө чыккандан тартып күйөөсүнөн жана кайненесинен кордук көргөн Алина башынан өткөн окуясы, ала качуу тууралуу пикирин SUPER.KG порталына билдирди.

"Мени 2009-жылдын октябрь айында ала качып кетишти. Каршылыгыма карабай отургузуп коюшту. Ата-энем да артымдан кууп келишкен. Аларга да бербей коюшту. Ал убакта мен болгону 16 жашта, ал эми күйөөм 25те болчу. Өмүрүмдө көргөн эмесмин. Кайненем мени көрүп баласына алып берүүнү сунуштаса, күйөөм жаш экен деп коркуп макул болбой коюптур. Ошентсе да болбой кайненем моюн сунган кыз, башкарганга оңой деп ала качырыптыр. Алгачкы 3 жыл жолдошум экөөбүз бири-бирибизди көргүбүз келбей жашадык. Үйдө күндө уруш-талаш. Кайненем күйөөмө ар кандай кеп айтып, жолдошум экөө биригип себепсиз эле сабап салышчу. Акыркы жолу 2017-жылдын сентябрь айында үйдө катуу жаңжал болуп, алар мени тепкилешти. Ички кан тамырларым жарылып, ооруканага жатып чыктым. Ошондон кийин 5 баламды алып кетип калдым. Жолдошум артымдан акыбалымды сурап келип да койгон жок. Кайненем күйөөмө кыздар толтура, башкасын деле алып аласың дептир", - дейт Алина.

Ал укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок тиешелүү мекемелерден жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирет. Турмушка чыга электе Алинанын жогорку окуу жайга тапшырып, татыктуу кесиптин ээси болуп, үй сатып алам деген максаты болгон. Бирок ал ой-тилегим ала качуунун айынан ишке ашпай калды дейт ал.

"Чыр-чатактан тажап милицияга көп жолу арыз жазгам. Далил катары соттук медициналык экспертизадан да өткөм. Бирок карашкан жок. Себебин мындай арыз менен толтура кыз-келиндер кайрылат, кайра тосмо арыз жазып беришет деп түшүндүрүштү. Учурда 3 кыз, 2 балам менен барарга жерим жок шаардагы кризистик борборлордун биринде жашап жатам. Жакында жумушка орношуп батирге чыгып алсамбы деп турам. Ал эми жаш кыздарга айтарым, эгер силерди ала качып кетсе, отурбай эле койгула. Жигит менен жакындан таанышып, урук-тууганына да маани бергиле. Ала качуу - бул жапайычылык. Менин оюмча, ала качкан жигиттер кыздар менен сүйлөшө албайт, колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан алар ушул кадамга барышат", - деп сөзүн жыйынтыктады Алина.

SUPER.KG порталы Алинанын айткандары боюнча экинчи тараптын да пикирин угуп, жарыялоого даяр.

Ала качуунун курмандыгы: "Күйөөм, кайненем экөөлөп сабашчу"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Dilya85
2018-06-26 20:56:02
Ала качуу бул айбанчылык бул салт эмес.Азыр адамдардын ан сезими жогору заманда такыр туура эмес корунуш.Мындай иш закон тарабынан катуу жазаланыш керек.Кыздарга ак бата менен ата энесинин макулдугу менен уйлонгонго не жетсин?Баарыбызда кыздарыбыз бар бул терен ойлонто турган маселе
+3
Same
2018-06-26 21:14:26
Мен 14 жашымда Россияга кочуп келгенбиз. 10 жыл болду. супер инфодон ушундай окуяларды окуп тан калам. Биздин кыз келиндер дагы деле ушунчалык коз карандыбы. Неге ошол башта эле жактырбаса 5 бала торойт. Негизи жакшы уй булодо жашагандар деле 5 бала торогондон коркушат кантип бутуна тургузам деп. 2009 тийсе азыр 9 жыл болот экен. 9жылда 5 бала тороптур. Сактануу дегенди билбейт бекен
+2
Tokmokchu-1
2018-06-26 22:21:50
Same, ХХХХХХХ ХХХХХХХ 5 балалуу болсо эмне болуптур, эмнеге сактанышы керек, коп балалуу болгон эмнеге жаман?!! Бул жерде кайын журту, куйоосу жаман болгоеу болбосо, 5 бала тороонун эч жаман жери жок... ХХХХХХХХХХХ
+1
AKCAHAT
2018-06-27 10:33:54
Tokmokchu-1,ХХХХХХХХХ Бироонун баласына устурттон сын тагыш оной.Илгерки 8-9 балалуу болуп чонойгон коомго азыркы коомду салыштырганды токтоткулачы. Илгери турдонуп кийим,телефон,интернет деген болгон эмес.Эже синди ага ини бири биринин кийими мн чонойчу азыр балдардын психологиясы такыр болок.Байлап койсонда эженин эскиз ботинкесин синди кийбейт ХХХХХХХХХХ ХХХХХХХ
0
Matahara1980
2018-06-26 21:51:38
Ушундай ХХХХХХХ кайненелерди ХХХХХХХХХ эне деген энедей болуш керек, же озундо кыз жок бекен. Бизде кыз келиндердин укугу вообше эле корголбойт экен, кандай жанылыка кирбе таштап кеткен балдары менен же когала койдой сабаган, олтуруп салган, ортоп салган, а билинбей калгандары канча, эрге тийбейле койгулачы ушинтип, алкаш келесоолорго тийип кор болгуча эри жок жашаган онго, башка мамлекеттерге кеткиле колунардан келсе Европага Америкага
+4
Matahara1980
2018-06-26 21:57:24
Matahara1980,алкаш бездельник келесоолорго тийип алып 4 5 баланы тороп омур бою куурабай, озунорду эле эмес балдарынарды кошо кууратпай
+3
Tokmokchu-1
2018-06-26 22:22:51
Matahara1980, ХХХХХХХ
Кыргыздын бир жигити акмак болсо, баары акмак боло калбайт го?!! Тузугуно тийип алсын... Талаалап жургондорго муйуз чыгып жатабы?!!
-5
Matahara1980
2018-06-26 23:02:54
Tokmokchu-1,ХХХХХХХХ Кыргыз эркектеринин жакшысынанда азыр башкасы коп, ХХХХХХХХХ семьясын бакпай таштап салган,
-2
raykray
2018-06-27 15:38:22
Matahara1980,азыркы кайненелердин-озун кыздары баары жокту кылат аявай жакшы келин,а кайнжурту жаман адамдар,оздоруно келгенде жакшы кайненемиш келин жаман адам ушундайда, кайнеже кайнсиндилерге келсен озу эрден чыккан 2-3тон бала мн торкунундо отурат озу баары жокту-мыкты келин болгон дагы эле кайненеси жаман, о озунун женеси и келинида ошондой эле жаман эчтеке билбейт кылбайт. Ушундай тушунук ХХХХХХ
0
Altynbek-kg
2018-06-27 01:29:21
Акмак экенда буюм дай эле элес тететкен аялды тушунушу жок туугандарыннын.
0
admin_superstan
2018-06-27 11:00:13
kyzburak87, AKCAHAT, States, suban78, Matahara1980, Tokmokchu-1,
Баарыңарга эскертүү! Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!

+1
admin_superstan
2018-06-27 11:00:34
Tokmokchu-1,
Жеке айтышууларга жол берип, провокация жаратууга тыюу салынган! Ар бир колдонуучу эрежелердин талабына ылайык тема боюнча гана өз ой-пикирин жаза алат. Порталдын башка колдонуучуларынын жеке адамдык аброюна шек келтирип, аларды кемсинтип, мазактап, буга чейинки берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн жана эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
0
admin_superstan
2018-06-27 11:05:19
suban78, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
0
ashuular_plus
2018-06-28 15:20:42
Келин жаман эмес, келген жери жаман дешчү эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан