"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу качан аяктайт?" - деп бүгүн, 26-июнда "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кайрылды.
Ал аталган курулуш тууралуу коомдо сын-пикирлер көп экенин эскертти.
"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 3 фазага бөлүнүп курулат. Анын биринчи фазасы 154 чакырымдан, экинчи фазасы 96 чакырымдан турат. Аталган эки фазага 700 миллион доллар бөлүнгөн. 3 фазанын тендери аягына чыгып калды. Биз график боюнча иш алып баруудабыз. Акча жеп коюптур деген сөздөрдү угуп жатам. Эртең ушул сыяктуу такталбаган маалыматтарды жоюу максатында журналисттерге 2 күндүк пресс-тур уюштуралы деп жатабыз", - деп жооп берди Калилов.
Учурда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети жол курууну каржылоо боюнча келишимди талкуулоодо.