"Колдорумдун сөөктөрү кыйшайып калган, эч нерсе кармай албайм. Бутум болсо бастырбай сыздатат" дейт 22 жылдан бери артрит менен жабыркаган аял

22 жылдан бери ревматоиддик артрит менен жабыркап, жакында эле операциядан чыккан Үмүткан Абдыкеримова кайрымдуу жарандардан жардам сурайт.

59 жаштагы каарманыбыз төшөктө жатып дарыланат. Мындан улам ижара акысы кымбат болсо дагы шарты бар батирде жашаганга туура келет. Ал эми анын пенсиясы дары-дармегинен артпагандыктан коомдон жардам сураганга аргасыз болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен 1996-жылдан бери ревматоиддик артрит менен жабыркап келем. Сөөктөрүм тынымсыз какшап ооруйт. Колдорумдун сөөктөрү кыйшайып калган, бир нерсе кармаганга эби келбейт. Буттарым да бастырбай ооруйт. Мындан улам төшөктөн турбай жатам. Үстөккө босток болуп жакында эле онкологиялык борбордон операция жасатып, табарсыгымдан 5 килограмм шишик алдырткам. Операция кылган жерим толук айыкпай, катетер менен жүрөм. Мени 36 жаштагы кызым карайт. Ал дагы 8 жыл мурда 3 баласы менен ажырашып кеткен. Ошондон бери балдардын атасынан дайын жок. Кызым мени, балдарын карагандан бошобойт. Эч жерде иштебейт, иштегенге убактысы жок. Ал эми кичүү кызым алыс жакка турмушка чыккан. Кыздарымдан башка каралаша турган жакындарым деле жок. 1971-жылы төрөлгөн сиңдим бар болчу. Ал дагы каза болуп калды. Ай сайын 5800 сом пенсия алам. Ал акча менин дарыларымдан артпайт. Бир күн дары ичпей калсам кыймылга келбей калам. Пенсиядан тышкары гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп, квартал сайын 500 сом берилет", - дейт ал.

"Тамак-ашыбызга, батирдин ижарасына каражат таба албай 3 бала менен кыйын турмушта жашап жатабыз. Оорунун айынан баспай калганыма 5 жыл болду. Социалдык фонд 2 жыл мурда майыптар арабасын берген. Учурда ошол арабада отурам", - деп кошумчалады Абдыкеримова.

Жардам берүү үчүн төмөнкү номерге байланышыңыз:

+996 708 735 588 Үмүткан Абдыкеримова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merelisha
2018-06-26 16:22:00
Урматту Кыргыз элим,кайрымдуу болуп кичине болсо да жардам аябайлы,эчкимдин башына мындай оор тагдырды салбасын,биздин Аллах Берген мумкунчулугубуз бар,жардам берели.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан