Дача-СУга кулаган учактагы жүктүн ээлери кимдер болгону айтылды

"Дача-СУга кулаган учактагы жүк кимдики болгон?" Мындай суроо менен депутат Кубанычбек Жумалиев транспорт жана жолдор министрине кайрылды.

"Эми ачыгын айтыңызчы, кулаган учактагы жүк кимдики болгон? Себеби коомчулукта түрдүү кептер жүрөт. Биздин жарандарга тийиштүү жүк беле?" - деди Жумалиев.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жүк боюнча кырсыктан кийин эле маалыматтар берилгенин айтты. "Учактын аман калган бөлүгүнөн жүктүн кимге тиешелүү экени боюнча документтер чыккан. Анда Испания, Араб өлкөлөрү жана башка мамлекеттердин жарандарынын жүктөрү бар болгону жазылган. Тизмеде Кыргыз жарандары жок. Анда Орусия, Украинанын жарандары да бар экен. Биз ошол маалыматтарды коомчулукка таратканбыз. Бирок биз айткан маалыматтарга жакшы көңүл бурулган эмес. Баарыбыз көргөндөй, жүктүн баары чачылып, күйүп кеткен", - деди министр.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, 35 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөлөрү көз жумган. Ал учакта 85 тонна жүк болуп, Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Alpengold.
2018-06-26 13:06:48
Элден топтолгон акча кайжака жумшалганын билип бергилечи?
+16
aydinnur
2018-06-26 13:23:43
Alpengold., элден чогулган акча кырсыктан каза болгон, жабыр тарткандарга толук таратылган..
-20
Rasul94
2018-06-26 13:30:16
aydinnur,сен не коруп турдун беле Ашадай болуп суйлойсун да
+15
nazarKGZ
2018-06-26 13:10:40
ал акчаларды давно жеп койушкан
+17
Tokmokchu-1
2018-06-26 13:46:38
Ушул Жамшитбек Калиловдой ХХХХХХХХ Сокенин бугунку кадры...

Ал эми ошол жуктун ээсин Сокеден сураш керек, анткени Соке Окмот жетекчиси болчу ошол убакта... Соке жаап жашырган аташкасына кошулуп...

Калилов болсо аныкХХХХХХХХХ, самолеттогу жук Кыргызстанга келе жаткан 80 тонна контрабандалык жук болгон...
+13
Bazake
2018-06-26 19:43:53
Tokmokchu-1,Министрдин пикири туура эмес. Жээнбеков Дача-Су ну аягына чейин чыгарат. Ойлоебогула
-3
Tokmokchu-1
2018-06-26 13:52:42
Бул самолёт сонку 3 айда 53 жолу Гонконг-Бишкек каттамында учкан, Гонконг-Бишкек-Стамбул эмес эле...

Б.а. 3 ай тынбай жук ташыган Кыргызстанга, самолёт ар 2 кундо Бишкектен Гонконго барып кайра келип калып турган...

Манас аэропортунда сакталып турган электроникалык буюм, смартфон, планшеттер да ошол контрабандалык жуктун бир болугу болгон...

Эми "самолёт Бишкектен Стамбулга учмак, керосини тугонуп калыптыр, жук биздики эмес" деген жомокторун озунун балдарына айтышс
+11
senchi
2018-06-26 14:06:20
Жалганынар чыгат жакында, карап тургула. Ошол кырсыктан каза болгондордун маркумдары тынч койбойт ХХХХХХХХ
+9
admin_superstan
2018-06-26 17:30:50
senchi, этика нормаларын сактаңыз!
-2
Merch
2018-06-26 14:09:28
Буга чейин эч кандай маалыматты укпадык эле го. Элди го алдайсыңар, кудайдан корксоңор боло. Эл баардыгын билип турат...
+6
tnt_ostrof
2018-06-26 14:20:21
Мына адамдар деп суротун толук аты жонун жарыялап элге маалымат откозбойсунорбу анда? Духунар жетпейт! Жон эле шылтоо.
+3
BekAmir
2018-06-26 14:48:49
Ха ха ха жакшы анекдот экен
+7
futboler
2018-06-26 15:05:02
Бөөдө кырсыктан күнөөсүз каза болгон маркумдардын арбагы, артында калган жетим жесирлердин убалы уктатпасын, жооп берчү күн дагы келет.
+7
admin_superstan
2018-06-26 17:31:42
bekmirzach, taalay25,
Эскертүү! Далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
-2
tnz
2018-06-26 19:44:30
Ал учакта Атамбаевдин жугу болгонун ошол учак кулагандан кийин Атамбаев керек болсо твдан чыгып да конул айпаганын жакшы билебиз ошондуктан аны акташтын кереги жок экенин Калилов аны актабай эле койсо жакшы болмок экенин да элдер билип буткон.
+4
tnz
2018-06-26 19:50:44
Ал учакта Калиловдун да жугу барга окшойт балким ошого бул ал учакта Кыргызстандыктардын жугу жок деп чыкканына караганда, болбосо муну жон гана барын бардай айтып койсо болмок.
+3
timoha81
2018-06-27 00:57:59
Башкасын билбейм мен аяабай аяабай ишенип калдым.Булар элди ушунча ХХХХХХХХХХ ойлошот окшойт
0
Eli.91
2018-06-28 11:48:53
Кыргыздын ХХХХХХХХХХ уят башка олколорго тийиштуу болсо жук кыргызстанга неге конмок?кыргызстандын карталары кыргызсча тушундурмолору неге анын ичинде болгон?мурдалары конуп жук алып келип жургон учун уйронуп калып кайра жук таштоого тура келгенда?душмандарыбыздын жугун таштайбыз деп канчалаган бейкуноо адамдарыбыздан айрылдык?прездентибиздин акылы болсо элдин ишеничине кирем
0
Eli.91
2018-06-28 11:55:10
Десе эн биринчи ушул окуяга тиешелуулорду аныктап?отурчу жерине отургузуу керек?прездентибиз мамлекетибизди баарын жайжайына коюп озбегстандын прездентиндей ак иштеп элине ак кызмат кылса балким башка президент шайлоонун кереги жоктур?Ислам Каримовдой болуп акыркы демине чейин ак Деми менен иштеп береттир деген умуттомун?Кыргызым учун элим учун чындык Жана айколдук намысты жогору койгон президент керек?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан