Бишкек-Ош унаа жолунда жүргөн селди айдоочу видеого тартып алып "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөттү.
Айдоочунун айтымында, сел Бишкек-Ош унаа жолунда Кара-Көл шаарына жакын жерде 25-июнда болгон.
“Мен сел жүргөн аймакка кечки саат 19:30 чамасында келдим. Бир убакта 7-8 жерден сел келип, жолду жаап калыптыр. Жолду тазалоочу кызматкерлер 3 сааттан кийин келип, бир унаа баткыдай кылып жолду ачышты. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр 10 саатка жакын жолдун толук ачылышын күтүп турдук”, - деп билдирди окурман.