24 жаштагы Айжамалды 6 ай бою кордоп келди делген анын чала таанышы тууралуу кошумча маалыматтар белгилүү болду

“Мени чала таанышым 6 ай бою кордоп жүрдү” деген 24 жаштагы Айжамалдын (аты өзгөртүлдү) арызынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Айжамал мурда да Жыргалдын (аты өзгөртүлдү) үстүнөн арыз жазган.

Айжамал 11-майда Ленин РИИБине арыз менен кайрылып, кайра арыздан баш тарткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө Айжамал Жыргал аттуу бала менен чын эле жакын мамиледе болуп жүргөнү аныкталды. Ал эми Жыргал жакыр жашаган, инилери менен айдоо аянтында күнүгө 500 сом таап иштеп келгени белгилүү болду. Аны тааныштары түз жүргөн, тартиптүү бала катары таанышат экен. Учурда Айжамалдын арызы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгынан кийин Айжамалдын зомбулук көргөнүнүн чын-төгүнү аныкталат”, - дешти милициядан.

Айта кетсек, Лейлек районунан Бишкек шаарына иштөө үчүн келген 24 жаштагы Айжамал аны Жыргал аттуу бала 6 ай бою зордуктап, кыйнап келгенин айтып берген.

6 ай бою чала таанышынан зордук көргөн кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tynchy
2018-06-26 14:39:16
кыз озу деле женил ойлуу го чала таныш болсо биринчи арызын неге кайра алат
+11
Dembele84
2018-06-26 15:15:44
Комментарий жазган колдонуучулардын атынан кийин super tv дегендери эмнеси,кээсинде бар кээсинде жок,чето тушунбой жатам)))
+1
admin_superstan
2018-06-27 12:34:24
Dembele84, саламатсызбы! Ал бул каарга байланган https://www.super.kg/supertv/ ушул бөлүмдөгү видеоматериалдын комментарийлери.
0
Jelezo
2018-06-26 20:28:20
Ата энеси жок болсо каяка барсын
-1
fanatka19
2018-06-27 09:56:20
тартиптуу туз жургон бала болсо тиги кызды мен жаткырып койдумбу болницага?
0
Boldukan86
2018-06-27 22:31:52
Клавиша баатыр болуп жазабересинер. Азыр жалганчылар коп. Ою туз жонокой кыз экенин билип мамиле кылган. Куулукту билбеген кыз бат эле алданып сырын алдырып коюп акыры колуна тушуп кор болдуда. Ошол учун кыздарды жалгыз жонотпогуло. Же ишеничтуу шериги болсун же биротоло барбасын иштейм деп. Башына тушсо жол таппай калган учур болбой койбойт адам баласында. Акыл айткан адамы жок барар турары жок баладан жардам сураганго. Бала байкап арам оюн ашырыптыр акмак. Эркек болсон жардам бербейсинби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан