Кыргыз өлкөсүндө баңгизат колдонгон адамдардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.
"Бүгүнкү күндө героин, метадон сыяктуу заттарды пайдалангандар бир топ азайып, бирок спайс өңдүү жаңы синтетикалык аралашмаларды колдонгондор көбөйүүдө. Анткен менен учурда баңгизат колдонгон адамдардын саны жылдан жылга азайып жатканы байкалууда. Тактап айтканда, учурда өлкө аймагында 8 миң 853 баңгизатка көз каранды жаран ИИМдин каттоосунда турат. Бул көрсөткүч 2011-2012-жылдары 10 миң 700гө жеткен", деп айтылат маалыматта.
2015-жылы өкмөттүн атайын токтому менен Кыргыз жергесинде психоактивдүү заттардын 86 түрүнө тыюу салынган. Токтомдун негизинде, тыюу салынган заттарды колдонгондор жана тараткандар административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
БУУнун Башкы ассамблеясы 1987-жылдан тарта 26-июнду "баңгизатка каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган.