"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бир топ акчаны иштетпей эле отурат", - деп парламенттик комитеттин жыйынында депутат Айнура Осмонова сынга алды.
Анын айтымында, аталган фонд жөнөкөй жарандар менен жакшы иштебей жатат.
"Быйыл аймактарды өнүктүрүү жылы. Бул фонд кандай иштерди аткарды? Канча долбоорду канча каражатка каржыладыңар, кайсы аймактарга көп акча кетти. Так айтып бериңизчи", - деп сурады Осмонова.
Фонддун төрагасы Эркин Асрандиев былтыркы каржылоонун 50 пайыздан ашыгы айыл-аймактарга кеткенин айтты. "Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аймактарды кыдырып, ишкерлердин санын тактап чыкканбыз. Быйыл каржылообузга 91 долбоор кирген. Үчтөн бири каражаттарды алды. 100 миллион сом кепилдик фондуна бердик. 5 облустук борборго аймактык консультативдик (кеңеш берүү) кызматыбызды ачып жатабыз. Учурда республика боюнча 340тан ашык өкүлчүлүгүбүз бар. Былтыр биздин колдообуз менен 9 ири ишкана ачылган”, - деди Асрандиев.
Учурда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети аймактарды өнүктүрүүгө арналган атайын токтомду талкуулоодо.