Жомоктогудай түнкү Бишкек. Борбор шаарды сагынгандар үчүн фоторепортаж

Учурда жай мезгили, бирок жылдагыдай аптаптуу эмес, аба салкын. Жаратылыштын кооздугу баш калаага көрк кошуп турган мезгилде сейилдөөгө чыккандардын көп экени байкалат.
Жумуштан чыгып, адатка айлангандай эле шашылыш түрдө үйгө бет алып, сыналгы, интернетке алаксып жайдын керемет күндөрүндө айланага көз жүгүртпөй калгандар да бар. Үй-бүлө, жакындарыңыз менен Бишкектин сейил бактарына чыгып, өзүңүздүн да, жакындарыңыздын да маанайын көтөрүүгө эмнеге болбосун.
Ошол эле учурда мекенден алыста жүрүп, мындай мүмкүнчүлүккө ээ боло албай жаткандар үчүн Бишкектин түнкү көрүнүшүнөн даярдалган фоторепортажды сунуштайбыз. Сүрөттөргө көз салып, сагынган мекениңизди көргөндөй чер жазыңыз.
Жайдын сонун күндөрүндө борбордун ар бир сейил бактарынан ойноп жүргөн балдарды, кеч болгонуна карабай балдардын ою менен болуп, ойнотуп жүргөн ата-энелерди көрүүгө болот. Ошондой эле маектешүү менен сейилди айкалыштырган досторду, өз ою менен алек болуп, жай баракат жалгыз жүргөн адамдарды көрүп керемет кеч экенине ынанасың.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Aitun
2018-06-28 21:06:50
Бугун келдим бишкектен кече кечинде эле площадьтын жанындагы Уголёкто отурган элем( сагындым Бишкек.
-2
Nevestkaa
2018-06-28 22:20:31
Бишкегим,Бишкегим ,Бишкегим сен.Бүтүндөй жүрөкө орнодуң сен.
+1
Simels
2018-06-28 22:43:53
Бишкек Кыргызстаным сени сагындым. 2 жыл болду бара элегиме ата-энемди, туугандарымды сагындым айла жок ойлогон ойду кыстаган турмуш женет деген ушул турба
+4
altyn7776
2018-06-28 22:47:13
Чын чынына келгенде суротто кооз коруно берет экен. Мындай караганда абдан ыпылас кир шаар да.
-13
Momun...
2018-06-29 00:40:45
altyn7776, Чын эле. Бишкекте коп журбогонгобу эч тарта бербейт Бишкек мени да.
+2
bond02
2018-06-28 22:55:56
Озуно окшошпой калган Суймонкул Чокморовдун айкели каерде?
0
Arsenal93.
2018-06-28 23:02:48
Сагындыкко бишкекти.
+1
dastan_nookat
2018-06-28 23:43:39
Чындыгында кооз
+1
Boobek_5
2018-06-28 23:46:38
Менин Бишкекке бара элегиме 4 жылдын жүзү болду.
+1
Nurik1988
2018-06-29 00:32:43
Биздин жеп жутарлар и Ууруларыбыз азырак болгондо, Буга чейин Бишкек гулдоп кетмек
+6
Ermekbai
2018-06-29 00:33:51
Вааааауууу керемет
+1
ArgenMers
2018-06-29 00:39:42
Мен дагы Бишкеке бара элегиме 4 жылдан отту аябай сагындым Буйруса Сентябрьда барам)
+1
Shokoladka94
2018-06-29 01:03:48
Сагындым Бишкекти
+1
muslim87
2018-06-29 01:05:04
Тажрыйбалуу фотогравдар тартса болмок экен чынында кооз бирок негедир жакшы чагылдыра албаптыр.
+3
Kaninaiman
2018-06-29 01:25:26
Борбор шаарым оркундоп осо бер!!
+1
Dembele84
2018-06-29 03:45:00
Борбордук аянттын эле айланасын эптеп кооз чагылдырганы аракет кылыптыр.Ал жерден бир километр алыс жылсан ашмалтайы чыгып турат,жакшы иштерман мэр келип гулдото турган мезгил келеби экен, же дагы 9000сомдук кочот алдым деп анысы куурап журуп шаар дагы артка кетээр бекен?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан