Депутат Рысалиев ИИМдин өкүлүнөн "уюшкан кылмыштуу топторду качан талкалайсыз" деп сурады

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары Мыктыбек Болушевден канча уюшкан кылмыштуу топ бар экенин сурады.

Болушевдин айтымында, 3 уюшкан кылмыштуу топ бар.

Зарылбек Рысалиев: “Уюшкан кылмыштуу топ менен кантип күрөшүп жатасыңар? Эркекче айтыңызчы, качан талкалайсыңар? Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 3 айдан бери күрөшүп бүтө албай жатат. Сиз так мөөнөтүн айтышыңыз керек”, – деди.

Болушев күрөшүү иштери жүрүп жатканын айтты. "2 ай ичинде 18 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Иш жүрүп жатат. Так мөөнөттү айта албайбыз” - деди Болушев.

Рысалиев бир ишти бүтүрүү үчүн жоопкерчиликтүү адам жана так мөөнөт болуш керек деген пикирин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pchelka85
2018-06-26 16:12:35
Омей озу МВД да иштеп турганда мындай суроолорлу озуно берчу беле Товарищь Рысалиев.. министр болуп эмнени кыйратты эле убагында.. депутат болсо эле эптеп элге жаккан созду суйлоп коюп ЛАЙК чогултайын деген депутаттардын катарын толуктаган генералга жарашпайт...
+2
Kattaldym
2018-06-26 16:17:37
мдаа... мен талкалай албай койдум колуман келбейт экен, эми сиз талкалай аласызбы деп сураса болмок экен.
+2
Pchelka85
2018-06-26 16:34:34
Kattaldym, косвенно ошондой эле сурады го бечара..
0
bond02
2018-06-26 16:22:30
Сиз талкалай албаган нерсени мен талкалай алмак белем дебейсинби.
+1
Jango
2018-06-26 16:26:21
Ушул рысалиев эч жакбайт да тим эле кыйын болот
0
Arlenchik
2018-06-26 17:14:17
Солдур рысалиев башкасы суйлосода сен суйлобойле койчу, озун министр мвд болуп турганда чеченди аэропортко чейин коштоп барып узаткансын, ошол учун жооп беришин керек, чулдурап эми келип алып калп эле парламент трибунасынан кыйын болбой.
+3
Jelezo
2018-06-26 20:32:55
Батукаевди самалетко чейин кайтарып келип учуруп жиберип эми ушундай суроо бергиче асынып алсаң эркек экенсин демекмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан