Жогорку Кеңеш ушул аптанын аягында жайкы эс алууга кетет. Парламенттин эртеңки, 27-июндагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы белгилүү болду. Өлкө башчынын парламенттин жыйынына катышуусу саясаттагы негизги окуялардын бири.
Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Президент парламент жыйынында кандай маселелерге токтолушу керек деп ойлойсуз?" деген соболуна КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берди.
Жолдубаева партия жана эл президент Сооронбай Жээнбековдон шайлоодо айтылган убадалардын аткарылышын жана Кыргыз көчүн улантуусун күтөрүн билдирди.
"Биз, КСДП партиясы шайлоодо өз талапкерибизди көрсөтүү менен эки ураандын алдында чыкканбыз. Ал ураандарыбыз: "Кыргыз көчү жолун улайт" жана "Элдин биримдиги түбөлүккө". Президенттен баарыбыз ушул ураандын аткарылышын күтөбүз", - деди КСДПнын өкүлү.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Экмат Байпакбаев, экс-депутат Токон Мамытов жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.