Жогорку Кеңеш ушул аптанын аягында жайкы эс алууга кетет. Парламенттин эртеңки, 27-июндагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы белгилүү болду. Өлкө башчынын парламенттин жыйынына катышуусу саясаттагы негизги окуялардын бири.
Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Президент парламент жыйынында кандай маселелерге токтолушу керек деп ойлойсуз?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков өз пикирин билдирди.
Аскарбеков коомдо толгон-токой маселе бар, алардын бардыгы акырындык менен болсо да чечилиш керек деген пикирде.
"Биринчиден, коррупция менен күрөш кандай жүрүп жатат, парламент көзөмөлдөп жатабы, ушул маселе көтөрүлүшү керек. Жаңы президент келгенден бери коррупция менен күрөш дегенди гана угуп жатабыз, бирок реформа экономика, саламаттыкты сактоо, армия, милиция жана башка тармактарда да жүрүш керек, ал маселелер айтыла элек.
2020-жылы парламенттик шайлоо болот, шайлоо мыйзамдарына кандай өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек деген маселелер көтөрүлүшү зарыл. Парламенттке чала бандит, чала бизнесмендер келбеши керек, мандат сатып алам дегендерди жоопко тартыш керек.
Ошндой эле коомдо чуулгандуу болгон маселелер бар. Дача-СУ маселесин айталы, ал жерде 39 адам көз жумган, мурунку президент жаап-жашырып жүргөн, мен бул маселени козгосом, мага кылмыш иши козголгон. Мындай маселе экинчи кайталанбай тургандай кылып чекит коюш керек, президент бул маселени көтөрүп чыгышы керек, эл акыйкаттыкты күтүп турат", - деди Аскарбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Экмат Байпакбаев, экс депутат Токон Мамытов жана КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.