Депутаттар Мүлк фондунун башчысынын бир тууганы ушул эле мекемеде жогорку кызматта иштеп жатканына нааразы

Ренат ТүлөбердиевМамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Түлөбердиевдин бир тууганы аталган мекемеде жогорку кызматта иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Салайдин Айдаров айтты.

Анын айтымында, бир туугандардын бир мекемеде жогорку кызматтарда отурушу мыйзамга каршы келет.

"Сиздин бир тууганыңыз Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда жооптуу кызматта иштейт экен, ушул чынбы? Бул кызыкчылыктардын кагылышы мыйзамына каршы келет. Сиз жетекчи болуп келгенде ал эмнеге кызматын тапшырган эмес?" - деди Айдаров.

Түлөбердиев аталган маалымат туура экенин билдирди. "Бир тууганым 2016-жылдан бери иштейт. Мен жетекчи болуп 2017-жылы келдим", - деди ал.

Депутаттар фонддун аткарып жаткан иштери боюнча сентябрь айында атайын маалымат алуу чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан