Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы чыккан өрттөн улам соодагерлер жалпысынан 752 миллион сом зыянга учураган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров айтты.
Анын айтымында, өрт фактысы боюнча тергөө иштери уланып жатат.
"Ош базары", Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан чыккан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Жалпы чыгым 752 миллион сомду түздү. Анын 16 миллион 400 миң сому Жалал-Абад базарына тийштүү болсо, калган чыгым Бишкектеги "Ош базарында" чыккан 3 жолку өрттөн келип чыккан. Бишкек мэриясынан зыян тарткан 488 ишкерге 10 миң сомдон берилди. Жалал-Абаддагы ишкерлер болсо убактылуу салыктардан бошотулду. Буга чейин өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн базардагы ишкерлер 625 миң сом айып пул төлөгөн", - деди Аскаров.
Учурда парламенттик комитет жогорудагы айтылган өрттөрдөн зыян тарткандарга көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышын талкуулоодо.