Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Талантбек Үмөталиев эмне үчүн "кримавторитет" Рысбек Акматбаев дагы деле издөөдө жүргөнүн түшүндүрдү.
Анын айтымында, Акматбаев боюнча кылмыш иши жабылып, ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинен алынбай калган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынынын башында КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов Рысбек Акматбаев ИИМдин издөөсүндө жүргөнүн айткан.
Эске салсак, Рысбек Акматбаев 2006-жылы Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте атып өлтүрүлгөн.