Сүрөтчү Азамат Жаналиев экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга жазган арызды артка кайтарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сүрөтчү өзү билдирди.
Анын айтымында, "алдамчылык" боюнча ишти УКМК эмес, ИИМ карайт экен. "Жакын арада ИИМге арыз жазышым мүмкүн. Мага карата эч кандай коркутуулар болгон жок. Байланыштар болуп жатат. Мен Илмияновду кечирип, бул теманы унутайын дегем. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мага каршы пиар-кампания башталган. Илмиянов менен жекеме жеке жолугушуп сүйлөшүп чекит коюу ниетим бар", - деди сүрөтчү.
УКМК Илмияновдун үстүнөн түшкөн арыз артка кайтарылган же кайтарылбаганын сүрөтчүнүн өзүнөн суроо керектигин айтты.
КСДП аталган арыз артка кайтарылганы тууралуу маалымат партияга түшкөнүн ырасташты.
Айта кетсек, сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан.