Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев менен ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Талантбек Үмөталиев кайым айтышты.
Жолдошбаев Үмөталиевди бир адамды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген маалым кат берген деп күнөөлөдү."Сиз таза адамды уюшкан кылмыштуу топко аралаштырып жатасыз. Акчалуу адамды көргөндө көзүңүз же колуңуз кычышып кетеби? Эгерде ал сот аркылуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экенин далилдесе кызматтан кеткенге даярсызбы?" – деп сурады депутат.
Үмөталиев колу, көзү кычышпай турганын эскертип, андай маалым кат бербегенин билдирди.