Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө жарандарын кабыл алды

Кечээ, 26-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө жарандарын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы менен жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле алар тараптан көтөрүлгөн маселелерди кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, салык тутумун жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өкмөттүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасынын негизги максаты жарандардын жашоо-шарттарын жана бакубаттуулугун жакшыртуу болуп саналат. Буга байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан аталган багытта тийиштүү чаралар кабыл алынууда.

Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн буйругуна кол койгон. Ага ылайык, премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин 2018-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан