Депутат Самаев кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иштин жыйынтыгы тууралуу сурады

Кечээ, 26-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иштин жыйынтыгы тууралуу сурады. "Кашкар Астаканович, сиз 2016-жылы октябрь айында маалымат жыйын берип, ушул жылдын аягына чейин Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иштин жыйынтыгын айтам дегенсиз. Бул иш боюнча кандай маалымат бере аласыз?" - деп депутат министрге суроо менен кайрылды.

Кашкар Жунушалиев: "2016-жылы мен министр болуп турганда иш алып барганбыз. Ошол жылдын аягына чейин кылмыш иш боюнча изделип жаткан кишилер кармалмак. Мен министрлик кызматтан кеткенде бул иш токтоп калган экен. Ишти кайра көтөрүп жатабыз", - деди.

Самаев Руслан Абасов Кыргыздын туусун, намысын коргоп жүргөн спортчу экенин эске салып, ишти көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

Эске салсак, 2014-жылы Токмок шаарынын 3-кичи районунда Тойота Ленд Крузер 100 үлгүсүндөгү жол тандабас жарылган. Унаада Руслан Абасов жана анын аялы болгон, жардыруудан улам спортчу оор жаракат алып, ооруканага жетпей жолдо көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан