ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара алган ИИМдин эки кызматкерин кармашкан. Алар тергөө башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча башчысы, милициянын полковниги М.Н.Н. жана тергөөчү, милициянын подполковниги Ж.А.А. болгон. Такталган маалыматтар боюнча, кармалган кызматкерлер кылмыш ишине шектелип жаткан жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүгө пара талап кылышкан. Анын суммасы 5 миң доллар өлчөмүндө болгон.
"Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" 313-беренеси "Пара талап кылуу" менен кылмыш иши козголду. Учурда УКМКнын тергөө башкармалыгы ишти тергеп жатат", - деди маалымат катчы.