Сооронбай Жээнбеков: "Коррупцияга каршы күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт"

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтөт. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун келиши күтүлүүдө.

09:30. Жогорку Кеңештин жыйыны башталууда. Учурда депутаттар чогулууда.

09:34. Жыйын башталды. Депутаттар каттоодон өтүп жатат.

09:38. Парламентке өкмөт мүчөлөрү да келди. Бирок алар журналисттер, коноктор отурчу жерге жайгашты. Азырынча төрага Дастанбек Жумабековдун эки капталындагы орундар бош турат.

09:40. 101 депутат каттоодон өттү. Каралуучу маселелер такталууда. Күн тартиби добушка коюлду.

09:43. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Ош мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук курамына 1 кабаттуу үй куруп берүү тапшырмасы боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

09:45. Дастанбек Жумабеков саат 10:00дө президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу, жыйынга катышуусу күтүлүп жатканын айтты. Ал буга мыйзам жол берерин билдирди.

09:47. Төрага жыйынга чакырылган өкмөт мүчөлөрүн жыйындар залына кирүүсүн суранды. Өкмөт мүчөлөрү жыйындан орун алууда.

09:52. Жыйын белгисиз себептерден улам токтоп турат. Төрага өз ордунда жок.

09:58. Президент Сооронбай Жээнбеков жыйынга келди.

10:00. Дастанбек Жумабеков учурунда ант берүү аземине катыша албай калган өкмөт мүчөлөрү бар экенин айтты. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ант берди.

10:02. Президент алгач саламдашып, кайрылуу текстин окуй баштады. "Эл аралык маанидеги стратегиялык жолдорду куруу улантылууда. Ата мекендик ири долбоорлорду каржылоо багытында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду иштеп жатат", - дейт президент.

10:06. "Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло алган жок. Коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Буга чейин биздеги коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти. Алар менен күрөшчү органдар өздөрү адилет болбой келген", - деди президент.

10:08. "Энергетикадагы негизги фонддор эскирди. Системдин карызы өтө олуттуу өлчөмгө жетип отурат. Бул тармакты башкарууда орун алган коррупциялык көрүнүштөр дагы деле жоюла элек", - деди мамлекет башчы.

10:12. Сооронбай Жээнбеков: "Учурда адилеттүү бийликти, ынтымактуу коомду түзө турган тарыхый мүмкүнчүлүк жаралды. Биз ушул шартты колдон чыгарбай, өлкөнү өнүктүрүү максатына жетишибиз керек. Коррупциядан арылган бийлик, адилеттүү сот, өнүккөн аймак, таза шайлоо, ынтымактуу коом, дени сак улут, сапаттуу билим, күчтүү рух, бакубат Кыргыз мамлекети. Бул ар бирибиздин турмуштук миссиябыз, асыл максатыбыз", - дейт.

10:16. "Алдыга койгон максаттарга элдин биримдиги жана бийликтин тазалыгы менен гана жете алабыз. Жогорку Кеңеш, өкмөт жана сот бийлиги менен бирдикте жалпы коомчулуктун колдоосу болгондо гана ишке ашырылат", - деди президент.

10:21. Президент жакынкы жылдары Кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечегин камсыз кылчу негизги максаттар катары төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. "Биринчиден, ар бир адам укугун сактаган мамлекетти, ар бирибиз өз укугу сакталышына терең ишенген коомду курууга тийишпиз. Адам укугун дегендерге аёосуз күрөш жүргүзгөн адилеттүү бийликти түзүү зарыл. Бул үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек. Алардын эң маанилүүсү - сот реформасы", - деди президент. Ошондой эле реформага тийиштүү тапшырмалар берилгенин айтып, аны аткарганга үлгүрбөй калгандарга катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

10:25. "Судьялар, прокурорлор, тергөөчүлөр, адвокаттар, милиция кызматкерлери 2019-жылдын 1-январынан баштап, жаңы тартипте, жаңы реалдуулуктун шартында иштөөгө милдеттүү. Коомчулук колдон келген бардык көмөгүн көрсөтүшү зарыл. Президент коорупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон каларын баса белгиледи", - деди президент.

10:28. "Коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт", - деди өлкө башчысы.

10:31. Президент кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин аз болуп жатканын айтты. "Кадрларды тандоодо таасирдүү рычагы мына ушул залда отургандардын колунда. Демек, мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды. Мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл", - деди президент.

10:32. Президент баарына тегиз, адилеттүү мамиле болбосо, коррупцияга каршы күрөш ийгиликке жетпей турганын белгиледи.

10:35. "Мамлекеттин ырыскысын уурдагандар эртеби-кечпи элдин ырыскысын кайтарат. Өкмөт менин сунушум менен атайын эсеп ачты. Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат", - деди президент.

10:36. Президент сөзүн жыйынтыктады. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков президентке жыйынга келип катышып бергени үчүн жалпы депутаттардын атынан терең ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков жакында парламент эс алууга тарай турганын айтып, "сентябрда күч-кубатка толуп кайтып келгиле" деди.

Президент Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгып кетти. Парламент өз ишин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан