Кытайда жаңы төрөлгөн ымыркай социалдык тармак аркылуу сатыкка коюлган

Кытайдын Хунань шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды социалдык тармак аркылуу сатыкка койгон 6 киши камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, топтошкон жарандар июнь айында социалдык тармактагы WeChat баракчасына билдирүү калтырган. Анда "Дени сак, жаңы төрөлгөн ымыркай сатылат. Сатып алууну каалагандар Хунань шаарына тез арада келсин. Баасы 9 миң 200 доллар (626 миң 466 сом)" деп жазган.

Полиция кызматкерлери социалдык тармак аркылуу наристе саткан 6 кишини кармаган. Алардын бири аял киши болгон. Маалыматка ылайык, сатыкка коюлган ымыркайдын апасы өз каалоосу менен баласын багып алуучуларга бекер берген. Учурда наристенин кайсы жакта экени тактала элек.

Белгилей кетсек, Кытайда ата-энеси таштап кеткен же кембагал үй-бүлөнүн балдарын уурдап, аларды чоң шаарлардагы бай адамдарга сатуу күч алып, популярдуу болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
evidens
2018-06-27 15:49:19
Кудай сактасын.Кытайдан бери отпосун. Ит кытайларга туура келет.каапырлар
+12
bond02
2018-06-27 16:20:46
Эмне кылышты билбей сата башташкан окшойт Кытайлар.
+5
Matahara1980
2018-06-27 17:04:06
Кытайларда эле эмес башка олколордо деле бар бала саткандар, особенно араб олколорундо эмне деген ужастар болуп жатат
+3
vikidiki
2018-06-28 00:19:04
Ээ булар сатып алып жешет да эми. Фууу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан