"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн керектелген бланкалар качан келет биз билбейбиз" дейт Сокулук райондук ЖААК бөлүмү

"Сокулукта жергиликтүүлөр балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай убара" деген билдирүүнү окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Аталган маселе боюнча Сокулук районунун ЖААК бөлүмүнө кайрылганыбызда алар төмөнкүдөй жооп беришти:

"Бизде чындап эле азыр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн толтурула турчу бланкалар жок болуп жатат. Ал бланкалар бизде эле эмес, республика боюнча жок. Бизге ал Бишкек шаарынан келет, алар эмне себептен келбей жатканын билбейбиз", - дейт ЖААК бөлүмү.

Маселенин себебин билүү үчүн республикалык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан