Сооронбай Жээнбеков: "Кайсы коррупционерди кармаба, депутаттардан "ушул адамды бошотуп койсоңуз" деген сураныч түшөт"

"Баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча, коррупцияга каршы күрөш ийгиликке жетпейт" деп президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда айтты.

Өлкө башчысы коррупцияга шектелип кармалгандарды бошотуп берүү суранычы менен көп адамдар кайрылып жатканын кошумчалады. "Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун "ушул адамды бошотуп койсоңуз" деген суранычы түшүп жатат. Азыр "ууру болсо да биздин бала эле" деген ой менен бир айылдын баары тең кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат. Коррупцияга каршы күрөш – жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек. Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөй тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү зарыл", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан