Быйылкы жылы абитуриенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу жана тандоо 9-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2018-2019-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу жана тандоо турларынын графигин жарыялаган.
"Биринчи тур 9-июлдан 14-июлга чейин уланса, экинчи тур 16-июлдан 21-июлга чейин созулат. Ал эми үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлүп, 23-июлдан 28-июлга чейин уланат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, абитуриенттердин тизмеси 25-августка чейин такталып, тастыктоо иштери жүрөт.