"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кызматтан алыш керек". Мындай сунуш бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан айтылды.
Депутат Аалы Карашев Жумакановду депутаттардын суроолоруна күлбөстөн жооп берүүсүн сурады.
"Эмнеге депутаттардын суроолоруна күлүп жооп берип жатасыз? Билбейт экен деп жатасызбы? Жоопторуңузга канааттанган жокмун. Эмне кыйын болуп жатасыңар? Бутуңар жерге тийбей калдыбы?" - деп сынга алды Карашев.
Депутаттар Зиядин Жамалдинов, Таалайбек Масабиров, Талант Мамытов да маалыматтар так берилбегенин айтып чыгышты. Жамалдинов аталган мекеменин жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштап, Жумакановду кызматтан алыш керек деди.
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык абал боюнча талкуу болууда.