СУПЕРСТАН: "Айылда карыган ата-энесин ким багат? Уят эмеспи катынын ээрчип кетти деген..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кеңеш сурайм, келинчегим мага шарт коюп жатат..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Саламатсыңарбы? Көпчүлүктөн көп ой чыгат эмеспи, силерден кеңеш сурайын деп оюмду ортого салдым. Үй-бүлөлүүмүн, эки балабыз жана келинчегимдин 3 айлык боюнда бар. Айылда турабыз, жашоо турмуш Кудайга шүгүр, эл катары эле жашайбыз. Эки бир тууганбыз, иним бар, ал дагы үйлөнгөн, шаарда жашайт, айылга келгиси келбейт. А биз ата-энем менен чогуу жашайбыз. Салтка ылайык мен бөлүнүп кетейин деп айылдын четине үй салгам. Келинчегим Бишкекте окуп, шаарда чоңойгону үчүнбү билбейм, үйүбүзгө барбайм деп туруп алды. Азыр ал үйүбүз бош эле турат. Кайын журтум Бишкекте, алардын тигүү цехи бар, жакында эле келинчегимди бир ай иштеп тур, мен жумуштарды бүтүрүп барам. Иштеп элдердей болуп үй алалы деп жибергем. Эми "келсең биротоло кел, мен болду айылга барбайм. Бирге жашагың келсе макул бол, болбосо ажырашалы, мен барып балдарды алып келем!" деп жатат. Мен эмне кыларымды билбей турам, ажырашайын десем, чырактай балдарым турат, алар мага аябай жакын. Ажырашпайын десем, минтип талап коюп жатканына ачуум келип жатат. Башка жакшылык күтпөй калдым, көңүлүм ооруп турат. Кеңеш бергилечи мага, кандай кылсам туура болот?" - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Тобо кылдым, келсең үйүңдөн чыгып кел дегени эмнеси, мага окшогондор кайнене-кайнатанын үйүндө жашаганга жетпей жүрсө. Автор катуураак эле кармаңыз, келинчегиңер жашоодо кыйынчылык көргөн эмес окшойт, ата-эне бул дүйнөгө түркүк эмес, батасын алып калгыла".

- "Кете бер деп көр, кайра эле кайтып келет, "мурдунун суусу төбөсүнө жеткенде" дейт беле?.."

- "Аялы шаарда жашагысы келип жатыптыр. Анын эмнеси жаман? Бирөө менен жүрүп кетпептир. Автор аялынын артынан барып жашаса эч нерсе болбойт. Балдарын жарым жетим кылбай. Мүмкүн үй алып ата-энесин да алып барышат шаарга. Билдирүүлөрдөн эле билсе болот, эркек аялга караганда кандай көп укукка ээ. Форумда күйөөсү башка бирөөнү сүйүп кетсе да, "кечиришип жаша, балдар үчүн" дегендерди көп көрдүм. Адилетсиздикпи? Баарына бирдей карайлычы, туугандар".

- "Мен тааныган бир келин дагы ушундай болгон, күйөөсүнө катуу талап койгон "үйдө жумушуңар бүтпөйт, мен шаарда жашайм, качан шаарга көчүп барасың, анан бирге жашайбыз" деп, ата энесинин үйүнө келе берген. Күйөөсү артынан келбей эле башкага үйлөнүп алды. Азыр бир жакшы жашап жатышат, а тиги келин дагы деле жалгыз жүрөт".

- "Айылда карыган ата-энесин ким багат, уят эмеспи катынын ээрчип кетти деген. Андан көрө убакыт керек экен. Бирок аялың сени сүйүп, урматтаса баарына макул болмок. Азыр шаарда жашайбыз дегендер көбөйдү. Ата-энеңди десең кетпе. Аялыңдын төркүнү да "кой, антпе" деп айтса болмок. Эрке окшойт жеңетайыбыз. Балдарды бербе, аларды алып кетсе ошол бойдон келбей коюшу мүмкүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nursultan93
2018-06-27 19:33:52
Катыныңдын көч-үнө бир тээп кетирип жиберда ата-энеңи сыйлай турган башкасын ал
+3
Nevestkaa
2018-06-27 19:35:49
"Элдердей болуп үй алалы деп шаарга жибергем"-күнөөнү өзүңдөн изде биринчи.Эркек болуп өзүң биринчи барбайт белең шаарга.
+5
gulmi
2018-06-27 21:02:12
Ата-энеси кантип жалдыратып калыптыр келесин?Байкуштар томсоруп калганын элестет
+2
meku89
2018-06-27 21:33:14
Ата - эненди биринчи орунга кой. Убагы келет силер да кайнене кайната болосунар ошондо баланар аялын ээрчип кетсе жакшы болобу.
+3
boris8907
2018-06-27 21:47:38
Катыныны балдар менен уйго калтырып ата энене кошуп озун биринчи иштегени кетишин керек эле ошондой эле тиргилик журбой жатса. Эми болору болуптур катынын сага нокто салып коюптур. Кеч боло электе эсине кел деп айт болбосо катын жолдо бала белде
+1
AKCAHAT
2018-06-27 22:15:02
Уяты жок жалкоо эркектер кобойду. Аялыны жалгыз шаарга жибериптир уй алалы деп))) Эми биякта калып эле мышык болуп алганын ата энесин бетине карап. Эркек болсон сен барбайт белен Аялыны уйго ата энене таштап.
+1
Eli.91
2018-06-28 10:56:20
Баарынар эле бир созду жаза берипсинерго?мен болунотурган баламын Иним бар деп жатат,инисине айтуусу керек болду менинда оз жашоом бар,келгинда ата-энемин алдында олтур?мен да оз жашоом учун курошоюн деп айтуун керек?бул жерде аялын ойлоп барышы шарт эмес?оз келечеги учун озу куйган фундаменти тургузуу учун жана балдары учун Аллахтын ыразылыгы учун барып иштеп тирилигин жашоосун туптош учун баруусу абзел деп ойлойм?
+1
Eli.91
2018-06-28 11:01:21
Жанагы бир тээмада бар элего,ушуга окшогон келин шаарда жашагым келет ата-эненден тажадым деп чан салып жатып кететго шаарга ал жакта жашап журуп кийин аттин кылган экен айылга эчнерсе жетбейт экен деп,ошонусу сынарындай келинчегинерда убагы келгенде аттин кылат ошондо озунун башына таяк болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан