"Кумтөр" ишканасы сууну пайдалангандыгы үчүн акча төлөбөйт". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды.
Депутат Зиядин Жамалдинов "Кумтөр" пайдаланган суу үчүн акча төлөйбү деп сурады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү "Кумтөр" кени сууну үчүн каражат төлөбөй келгендигин айтты.
Ал эми министрдин орун басары Жаныбек Керималиев учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса "Кумтөр" да суу үчүн акча төлөй баштайт. "Бишкек жылуулук электр борбору пайдаланган суунун кубуна 10 тыйындан төлөйт. Бирок "Кумтөр" суу үчүн каражат бербейт. Ушул мыйзам кабыл алынса, суу үчүн акча төлөп башташы мүмкүн. Бирок аталган компания менен келишимде буга жол берилгенби же жокпу, карап чыгыш керек", - деди Керималиев.
Депутат Кожобек Рыспаев "аталган компания Петров көлүнүн суусун пайдаланып жатат, сөзсүз акча бериш керек" деген пикирин айтты.