Төө-Ашуу тоннелинде бир сааттык автоунаа тыгыны пайда болду

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы тоннелинде бир сааттык автоунаа тыгыны пайда болду. Бул боюнча SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, тыгын болжол менен бүгүн, 27-июнь күнү саат 15:45 чамасында болгон.

"Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде фура унаасы бузулуп калган. Аны оңдоо иштери бир саатка созулган. Мындан улам унаа жолдо узундугу 5 метрге жеткен тыгын пайда болгон. Учурда жолдо унаалар каттай баштады", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ermekbai
2018-06-27 17:28:28
5метр тыгын пайда болсо бир эки машина туруп калганго же 5 кило метрби
+3
Rifle_I
2018-06-27 17:47:14
5 метр туура эмес окшойт. Бир машина 4-5 метр да . Километр окшойт.
-2
Dembele84
2018-06-27 18:07:03
5метр тыгыны жакшы экен )))
+3
NURTILEK_KG
2018-06-27 18:35:22
Биринчи угушум 5 метр тыгынды
0
toolos1982
2018-06-27 18:37:11
Оо беш метр го ото пробка болуптур
0
jumaev0084
2018-06-27 18:42:20
фура озу 11 12 метрго
+1
muni.98-98
2018-06-27 18:53:53
Урматтуу админ метрди километр кылып ондоп койгула туура эмес болуп калыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан