Ош мамлекеттик университетине "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн

"Ош мамлекеттик университетине "улуттук" деген статусту бериш керек" деп бүгүн, 27-июнда парламент жыйынында депутаттар Каныбек Иманалиев менен Алмамбет Шыкмаматов сунушташты.

Алардын айтымында, аталган университет өлкөдөгү эң алдыңкы окуу жайга айланган. Депутаттар аталган окуу жай үчүн Ош шаарынан 30 сотых жер бөлүп берүүгө жардам көрсөтүүнү сунушташты.

"Ош шаарын экинчи борбор кылабыз десек, бул демилгени колдошубуз керек. Бардык курулуштарды өз күчү менен курушуптур. Айрым министрликтер ОшМУдан үлгү алсын. Өкмөттүн айрым программаларын бул университет өз алдынча жасап бүтүптүр. Кыргыз-Түрк "Манас" университетине гектарлаган жерди бергенбиз. Келгиле ОшМУнун да мугалимдерине үй куруп берүү үчүн Ош шаарынан жер бөлүү боюнча тапшырма берели. Мэрияга айталы. Биз Оштогу көчмө жыйыныбызда аталган окуу жайдын өнүккөнүн көрдүк", - деди Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ikitaidesu
2018-06-27 22:09:19
Кана эми бизге үй курулуп калса... Ошондо биздин университет Ош мамлекеттик улуттук университет Ош МУУ болуп калабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан