"Бишкектеги Улуттук университетибиз ОшМУдан кыйла эле артта калып кеткен", - деп парламент жыйынында депутат Евгения Строкова айтты.
Ал Ош мамлекеттик университетинин мугалимдерине үй куруу үчүн жерди мыйзамга каршы келбеген түрдө чечип бериш керектигин билдирди.
Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Алмамбет Шыкмаматов ОшМУ курулушту өз күчү менен кура турганын баса белгилешти.
Депутат Исхак Масалиев аталган иш боюнча түздөн-түз мэрияга тапшырма берүү туура эместигин айтты. "Мен демилгеге макулмун. Бирок жер боюнча бул ишке аралашсак, кийин бизге жарандардан арыз келип баштайт. Укугубуз барбы, биринчи ошону карап чыгалы", - деди Масалиев.
Депутаттар жер берүү маселесин карап чыгууну түздөн-түз мэрияга эмес, өкмөткө берүүнү сунушташты.
Жыйынтыгында депутаттар "ОшМУнун мугалимдери үчүн көп кабаттуу үй курууга Ош шаарынан 30 сотых жер бөлүп берүү маселесин өкмөт карап чыксын" деген токтом кабыл алды.