"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча эл аралык сотко доо арыз даярдап жатканын кабарлады

"РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Гаагадагы сотко доо арыз даярдалып жатканы боюнча Кыргыз тарапты кабардар кылды. Бул тууралуу компаниянын башчысы Николай Шульгинов акционерлердин жыйналышында айтканын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Кыргыз тараптын чакыруусу менен биздин делегация сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн эртең же бүрсүгүнү жөнөйт. Бирок биз натыйжалуу жыйынтыктарды күтпөйбүз. Мындан тышкары биз Гаагадагы эл аралык сотто талашты кароо боюнча иш-чараларды ишке ашырабыз, Кыргыз тарапка бул тууралуу айтылган. Материалдар бейтарап сотуна жөнөтүлгөн. Калыстардын курамы бекитилген соң бул сотко доо арыз даярдалып жөнөтүлөт", - деди "РусГидронун" башчысы.

Эске салсак, 2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, 2015-жылы каржылануу жагы кечиктирилип жатканына байланыштуу макулдашуу боюнча маселелер көбөйө баштаган. 2015-жылдын аягында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан.

2017-жылы 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде Кыргыз тараптын орусиялык "РусГидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес. 2017-жылы 18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан