Белгилей кетсек, Жон Жексон "Jackson Five" тобуна продюсерлик кылып, "Ivory Tower International Record" лейблин жетектеген. Мындан тышкары уулу, поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун жеке продюсери дагы болгон.
Поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун атасы 4-даражадагы рак оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, ырчынын атасы Жон Жексон бир нече жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келген. Ал эми акыркы күндөрү анын оорусу күч алып, ооруканада дарыланып жатканы айтылган. Жон Жексон 89 жашында Лос-Анжелесте көз жумганы маалым болгон.
Маркум өлөр алдында күн батып бараткан мезгилде сүрөткө түшүп, өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн жашап жатканын жазып билдирүү калтырган.