Парламент малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандарга айып пулду жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Парламент малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандарга айып пулду жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору мал жандыктарын идентификациялоонун эрежелерин, талаптарын, ошондой эле малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн көзөмөлдү жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган.

Бул 1-окуудагы талкууда идентификациялоо жана малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн 1000 сомго түшүрүү боюнча сунуштар айтылган. Демилгечи депутат Экмат Байпакбаев азыркы кезде 1000 сом айып пул деген арзыбаган каражат экенин айтып, мындай өлчөм менен долбоор кабыл алынса, мыйзам аткарылбай каларын билдирген.

Тармактык комитет мындай жүйө менен макул болуп, демилгечилер сунуштаган долбоордогудай жарандарга 5000 сом, юридикалык жактарга 7500 сом өлчөмүндө айып пулду калтыруу боюнча долбоорду колдоп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан