Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Орозбек Алыбаев жана Жаныбек Исаев ант беришти.
Эске салсак, Орозбек Алыбаев экс-депутат Исланбек Сарсейитов "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалганына байланыштуу анын ордуна мандат алган.
Ал эми Жаныбек Исаев депутат Нурланбек Кадыкеев каза болгонунан улам анын ордуна келген.