АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган эки президенттин администрацияларына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алар Сирия, Украина маселелерин талкуулашат.
"Трамп менен Путин Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында 11-12-июлда өтө турган НАТОнун саммити алкагында жолугушат. Азырынча жолугушуунун так убактысы менен өтө турган жери жарыялана элек. Уюштуруу иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Трамп менен Путин акыркы жолу 2017-жылдан ноябрь айында жолугушкан.