Жалал-Абадда 5 жаштагы кыз каналдагы сууга чөгүп каза болду

Жалал-Абадда 5 жашар кыз каналдагы сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

"Кечээ, 27-июнь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Достук айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүндөгү үйдө болгон тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А.Н. аттуу кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга чөгүп кеткен. Маалымат түшөрү менен кызды издөө иштери башталып, кечки саат 21:00гө чейин улантылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Ал эми бүгүн, 28-июнда жергиликтүү тургундар тарабынан саат 09:00дө кыздын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - дейт маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан