Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзамдын негизинде 17 факты аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Башкы прокуратуранын өкүлү Нуржан Талантбек уулу маалымат жыйында SUPER.KG порталынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал билдиргендей, аталган мыйзам Кылмыш жана жаза кодексинин 155-беренесинде көрсөтүлгөн. "Жашы жете электерге карата молдолор тарабынан нике кыюуга тыюу салуу боюнча бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иштери бар. Мыйзам күчүнө киргенден тарта мыйзамсыз нике кыюу боюнча 17 факты катталган. 10 кылмыш иши козголгон. Соттук кароонун негизинде 8 кылмыш иши боюнча өкүм чыккан", - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.
Эске салсак, 2016-жылдын октябрь айында парламентте жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын автору - экс-депутат Аида Салянова.