Теңизбек Абжапаров: "450 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды"

Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча компаниянын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда аталган кызматтын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, 454 миң 767 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. "Декларация тапшыргандардын ичинен 41 миң 708-уюмдар, 203 миң 622 жеке ишкерлер, 132 миң 265 жеке жактар жана 48 миң 641 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле 26 миң 862 салык салынуучу кирешелери жок жеке жактар болду", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан